Семинар «Иондоштуруучу нурлануу булактарын эксплуатациялоодо радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу»
10-октябрь 2025, 18:09
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик жөнгө салуу департаменти (мындан ары – Департамент) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) колдоосу менен «Иондоштуруучу нурлануу булактарын эксплуатациялоодо радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу» темасында үч күндүк семинар өткөрдү. Иш-чарага Департаменттин жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын радиациялык коопсуздук чөйрөсүндө иштеген кызматкерлери катышты. Семинар 2025-жылдын 10-октябрынан 12-октябрына чейин өттү.
Семинарды медицина илимдеринин кандидаты, доцент Бейшенкулова Рая Абасовна тренер-консультант катары өткөрдү.
Тренингдин максаты катышуучуларынын радиациялык коопсуздук жана коргоо боюнча билимдерин тереңдетүү, ошондой эле медицинада, өнөр жайда жана радиациялык кырсыктар шарттарында иондоштуруучу нурлануу булактарын эксплуатациялоодо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү болду. Өзгөчө көңүл радиациялык тобокелдиктер, дозиметрия жана көзөмөлсүз радиоактивдүү булактарды издөө маселелерине бурулду. Семинардын жыйынтыгы боюнча катышуучулар окууну ийгиликтүү аяктап, радиациялык коопсуздук боюнча квалификацияларынын жогорулаганын тастыктаган сертификаттарды алышты.