Узундугу үч футбол талаасына барабар торлор: Ысык-Көлдүн түбүнөн 300 метр мыйзамсыз шаймандар чыгарылды

Чүй өрөөнү
Узундугу үч футбол талаасына барабар торлор: Ысык-Көлдүн түбүнөн 300 метр мыйзамсыз шаймандар чыгарылды

Бир сызыкка тизилген үч футбол талаасы — бүгүн инспекторлор тарабынан Ысык-Көлдүн акваториясынан чыгарылган мыйзамсыз балык уулоочу торлордун узундугу дал ушунчага жетет.

23-мартта өткөрүлгөн кезектеги рейддин алкагында, Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экокөзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери суудан 300 метр синтетикалык торду алып чыгышты. Бул «көрүнбөгөн тузактар» жылдап балыктарды кырып, көлдүн экосистемасын пластик менен ууландырып келет.

Бул иш-чаралар Министрлик тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин №131 «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында жүргүзүлүүдө.

Жаратылыш ресурстары министрлиги эскертет: синтетикалык торлорду колдонуу биздин улуттук байлыгыбызга орду толгус зыян келтирет. Акваторияны тазалоо жана браконьерликке каршы күрөшүү боюнча рейддик иш-чаралар көл толук тазаланганга чейин туруктуу негизде улантылат.