Синтетикалык тор — экосистемага жашыруун сокку

Чүй өрөөнү
Синтетикалык тор — экосистемага жашыруун сокку

Бишкек шаарында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору  аңчылык жана балык уулоого арналган товарларды саткан соода түйүндөрүндө профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 

Иш-чара синтетикалык балык уулоочу торлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алуу максатында уюштурулду.

Дүкөн ээлерине 2020-жылдын №20 Мыйзамынын талаптары түшүндүрүлүп, синтетикалык торлорду жана электр менен балык кармоочу шаймандарды сатууга, колдонууга жана жайылтууга толук тыюу салынганы эскертилди.

Муну менен бирге бузуулар аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча жеке жактарга 10 000 сом, юридикалык жактарга 28 000 сом айып пул каралгандыгы эскертилди.

Өзгөчө көңүл учурда жүрүп жаткан балыктардын урук чачуу (нерест) мезгилине бурулду. Бул мезгилде бир мыйзамсыз кармалган балык — келечектеги жүздөгөн, миңдеген балыктын жоголушу дегенди билдирет.

Акыркы күндөрү өлкө боюнча жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө миңдеген метр синтетикалык “өлүм торлору” суулардан чыгарылды. Жыл башынан бери Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан өлкөдөгү  суулардан жалпы 46 300 метр тор жана 1060 кг таштанды тазаланды.

Бул иштер өлкө боюнча күчөтүлгөн тартипте уланууда. Инспекторлор суу объектилерин, соода түйүндөрүн жана балык уулоочу аймактарды туруктуу көзөмөлдөп жатышат.

Табият сүйлөбөйт. Бирок анын ордуна бүгүн фактылар сүйлөп жатат.