Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгынын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы, Чүй токой чарбасынын кызматкерлери менен биргеликте Instagram социалдык тармагындагы жарыяланган маалымат боюнча жерине барып текшерүү иштерин жүргүзүштү.
26-август 2026, 11:55
Чүй өрөөнү
Текшерүүнүн жүрүшүндө социалдык тармактарда сөз болгон аймактагы таштандылар тазаланып, жер тилкеси тиешелүү санитардык абалга келтирилди.
Аныкталган мыйзам бузуу фактысы боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык Токмок шаардык мэриясына 17 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле, ушул эле рейддик иш чаралардын алкагында Токмок шаарында таштандыларды атайын белгиленбеген жерде өрттөө фактысы аныкталган.
Эреже бузган жеке тарапка административдик жоопкерчилик чаралары көрүлүп, Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, 7 500 сом өлчөмүндө айып салынды.