Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзам бузган жаранга айып пул салды

Чүй өрөөнү
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзам бузган жаранга айып пул салды
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзам бузган жаранга айып пул салды


Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжасында, Инстаграм жана TikTok социалдык тармактарында жарыяланган видеолор аркылуу жерге “Mellstroy” деген жазуу түшүрүп, өрттөө фактысын жасаган жаран аныкталды.


 Аталган жаранга карата тиешелүү административдик чара көрүлүп, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык 7 500 (жети миң беш жүз) сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды айлана-чөйрөгө жоопкерчилик менен мамиле кылууга, мыйзамды сактоого жана коомдук тартипти бузган аракеттерге барбоого чакырат.