Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзам бузган жаранга айып пул салды

Чүй өрөөнү
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзам бузган жаранга айып пул салды

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан интернет булактарында чыккан маалыматтардын негизинде тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, Отуз Адыр айыл өкмөтүнүн Курбан Кара айылында жайгашкан “Зиябидин Ата асыл тукум” фермердик чарбасынын жетекчиси  тарабынан айлана-чөйрөгө зыян келтирген мыйзам бузуулар аныкталды. Аталган жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 236-1-беренесине ылайык, 28 000 (жыйырма сегиз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жана чарбалык субъекттерди табигый ресурстарды жана экологиялык коопсуздукту сактоого, мыйзам чегинде аракеттенүүгө чакырат. Мындай мыйзам бузууларга карата туруктуу көзөмөл жүргүзүлөт жана тиешелүү чаралар көрүлө берет.