"Восток Премиум" пансионатында мыйзам бузуу аныкталгандан кийин, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы анын ишин токтотуу чечимин кабыл алды
04-июль 2025, 17:25

2025-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан Ысык-Көл облусунда жайгашкан "Восток Премиум" пансионатына конторлдук текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган пансионат "Саламат" пансионатынын саркынды сууларды тазалоочу курулмасына кошулуу боюнча 2025-жылдын 1-июлунан 10-сентябрына чейин аракетте боло турган келишим түзгөнү аныкталды. Бирок, азыркы учурга чейин кошулуу процесси толук бүткөрүлө элек болгондуктан, саркынды суулар толуп кеткендиги катталды.
Бул факт Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө кодексинин" 236-1-беренесине ылайык мыйзам бузуунун белгилери катары бааланып, пансионатка 28 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, мыйзам бузууну жоюу максатында кызмат тарабынан үч пункттан 3 күндүк эскертүү кат берилип, бузулуулар толугу менен четтетилгенге чейин объекттин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Пансионат жетекчилиги тарабынан мыйзам бузууларды четтетүү боюнча кепилдик кат тапшырылды.