Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан 2025-жылдын 23-27-июнь кундор аралыгында

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы  тарабынан 2025-жылдын 23-27-июнь кундор аралыгында

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ №172 “Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө” жана 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 131 “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу боюнча Ысык-Көл облусунун аймагындагы эс алуу жайларда, конок үйлөрдө саркынды сууларды тазалоочу курулмалар менен иш жүргүзүүсүн камсыздоо, суу объекттеринде балык запастарын коргоо, сактоо, мыйзамсыз балык уулоону болтурбоо, алдын алуу, бөгөт коюу жана базарларда мыйзамсыз сатылышына жол бербөө максатында төмөндөгү иштер жүргүзүлүүдө. 

Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексининин –

-        266/1-беренесине ылайык, ышкыбоздук балык уулоо эрежелерин бузгандыгы үчун  19жаранга карата 19 000 сомго айып салынды;

-        261/1-беренесине ылайык, 3 жаранга карата 30000 сомго айып салынды; 

-        115/1-беренесине ылайык, белгиленбеген жерлерге таштандыларды ташталгандыгы үчүн физикалык жакка 11 факты катталып, 118000 сомго айып салынды;

-        115/2-беренесине ылайык, белгиленбеген жерлерге өндүрүштүк, өнөр жай таштандыларын жана медициналык калдыктарды ташталгандыгы үчүн, юридикалык тарапка 3 протокол тузулуп жалпы 69 000 сомго айыптар салынды;

-        256-беренесине ; 1 протокол тузулуп 7500 сом айып салынды.

- ⁠236-беренесине ылайык 1 протокол тузулуп 10000 сом айып салынды.

- ⁠213- беренесине 1 протокол 5000 сомго.

- ⁠243/6 беренесине ылайык башкача айтканда жер казынасын пайдалануунун атайын шарттарын бузуу, 65000 сом айып салынды.

Жалпысынан 4-27-июнь кундор аралыгында 131укук бузуу катталып,  684000 сомго айып салынды. 

Мындан тышкары, рейдтик иш-чаралар Ысык-Көл туристик-экологиялык милициянын кызматкерлери менен биргеликте Ысык-Көл   районунун Чон-Аксуу капчыгайында мыйзамсыз кармалып жаткан 1 даана КР Кызыл китебине кирген Буркут алынып «Бугу-Эне»реабилитациялык борборуна откорулуп берилди.Жана уруксат кагаздары жок бир даана кайык алынып РИИБне откорулду

Рейдтик иш-чаралардын жүрүшүндө жергиликтүү жарандарга жаратылышыбызга аяр мамиле кылып, аны келечек муунга сактоо боюна түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.