Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамсыз балык уулоого жана браконьерликке каршы күрөштү күчөтүүдө
14-август 2026, 10:31
Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамсыз балык уулоого жана браконьерликке каршы күрөштү күчөтүүдө.
2026-жылдын 7 айында мыйзамсыз балык уулоо фактыларын аныктоо жана алдын алуу максатында 170 текшерүү жана рейддик иш-чара жүргүзүлдү.
7 айдын жыйынтыгы менен 226 мыйзам бузуу фактысы боюнча жоопкерчилик чаралары көрүлдү. 470 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Жаратылышка келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча 1 059 198 сом өлчөмүндө доолор коюлду.
Суу объектилеринен 99 220 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылып алынды. Бул — дээрлик 100 чакырымга барабар синтетикалык торлор.