Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы: колдонулган май менен иштеген горелкаларды жарнамалоо боюнча мыйзамдык чаралар көрүлдү

Чүй өрөөнү

Акыркы күндөрү Instagram социалдык тармагында автоунаалардан алынган колдонулган май менен иштей турган горелкаларды жарнамалоо учурлары аныкталды. Бул боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы, Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына жарандын өздүгүн тактоо боюнча кайрылган.

Жыйынтыгында жарнама жайгаштырган жарандын өздүгү аныкталып, ага карата КР УБжКнин 115-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, 7500 сом көлөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле келечекте мындай мыйзам бузуу учурларын болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды колдонулган майды күйгүзүүчү жабдыктарды сатып албоого жана колдонбоого чакырат. Колдонулган мотор майы кооптуу калдыктарга кирет жана мыйзам боюнча алар атайын тартипте утилизацияланып же кайра иштетилиши зарыл. Аларды күйгүзүү — айлана-чөйрөгө жана калктын саламаттыгына олуттуу зыян келтирет.

Мыйзамсыз күйгүзүү фактылары аныкталган учурда, күнөөлүү адамдарга карата мыйзамда каралган чаралар көрүлөөрүн эскертебиз.