Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына кызматтык унаалар тапшырылды
29-апрель 2025, 15:22
Чүй өрөөнү

Бүгүн, 2025-жылдын 29-апрелинде, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына 9 кызматтык унаа расмий түрдө тапшырылды. Унааларды министр М. Машиев тапшырды.
Кызматтык максатта берилген унаалардын арасында
Кыргыз Республикасында чогултулган 5 даана JAC T6 маркасындагы авто унаа жана
4 даана BYD SONG PLUS электромобили бар.
Жаңы унаалар Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана кызматтык милдеттерди натыйжалуу аткарууга өбөлгө түзүп, иштин сапатын жогорулатууга чоң салым кошот.