Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Нарын облусундагы Кел-Суу көлүндө экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жаратылыш аймактарын коргоо максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Нарын өрөөнү

Рейд Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан уюштурулуп, ага ИИМ, Туризм департаменти, Чек ара кызматы, ӨКМ жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу өкүлдөрү катышты. Рейддин жүрүшүндө көлдөгү айрым кайыктардын моторлорунан айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды чыгаруу, ошондой эле жайыттарда унаалар менен ээнбаштык менен чыгып, өсүмдүктөрдү тебелеп-тепсөө фактылары аныкталды. Жеринде 5 протокол түзүлүп, 22500 сом айып салынды.

Мындан тышкары, көлдүн жээгинде, сууга ташталган, кароосуз,  сууну булгаган 2 даана кайыктын мотору чыгарылды.

Муну менен бирге инспекторлор тарабынан кайык айдоочуларына, автоунаа ээлерине жана туристтерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жайыттарды жана суу аймактарын бузбоо, унааларды белгиленген жолдор менен гана айдоо талап кылынды.