Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Каракол токой чарбасында текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында туристтик-рекреациялык багытта иш алып барган ижарачылардын келишимдик талаптарды аткарбагандыгы аныкталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тогуз административдик протокол түзүлдү

Ысык-Көл өрөөнү

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Каракол токой чарбасында текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында туристтик-рекреациялык багытта иш алып барган ижарачылардын келишимдик талаптарды аткарбагандыгы аныкталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тогуз административдик протокол түзүлдү. 

Ошондой эле токойду коргоо жана жакшыртуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн Каракол токой чарбасынын үч кызматкерине карата административдик чаралар көрүлүп, тиешелүү айып пулдар салынды. Жалпы айып пулдардын суммасы 62 миң сомду түздү.

Мындан тышкары, Жергез токой бөлүмүнүн №2 кыдырмасында Тянь-Шань карагайынын 42 мыйзамсыз кыйылган дүмүрү аныкталды. Анын ичинен 14 өсүп турган карагайлар, ал эми 28 даанасы шамаалдан кулаган карагайлар мыйзамсыз кыйылганы белгилүү болду. Өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыяндын көлөмү 83 миң 262 сом түзүп, мыйзамсыз ташылып кеткен жыгачтын жалпы көлөмү 18,02 куб метрди түздү.

Инспекторлор тарабынан токой чарбанын кызматкерлерине №2 кыдырманын бардык аймагында мыйзамсыз кыюу фактыларын аныктоо жана алдын алуу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр тапшырылды. 

Учурда чогултулган бардык материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Жаратылышты коргоо – келечекке болгон жоопкерчилик.