Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан 2026-жылдын 29-июлунда социалдык тармактарда жарыяланган видео боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам бузуу фактысы аныкталды

Чүй өрөөнү

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан 2026-жылдын 29-июлунда социалдык тармактарда жарыяланган видео боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам бузуу фактысы аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Алай районунун Гүлчө шаарындагы  «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасы тарабынан экологиялык мыйзамдардын талаптары бузулгандыгы тастыкталды.

Аталган факты боюнча ишканага жалпы суммасы  46 000 сом өлчөмүндө административдик айып салынды.

Министрлик экологиялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат жана айлана-чөйрөгө зыян келтирген мыйзам бузуулар боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүүнү улантат.