Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жайыттарды коргоо боюнча рейддик иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүп, жыл башынан бери 109 мыйзам бузуу фактысы аныкталып, жалпы 600 миң сомго жакын административдик айып пул салынды
17-июль 2026, 11:46
Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жайыттарды коргоо боюнча рейддик иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүп, жыл башынан бери 109 мыйзам бузуу фактысы аныкталып, жалпы 600 миң сомго жакын административдик айып пул салынды.
Рейддик иш чаралар Министрлер Кабинетинин №330 токтомунун талаптарын аткаруу максатында ишке ашырылып жатат. Ага ылайык эндуро мотоциклдеринин, квадроциклдердин жана автоунаалардын жайыттарга көзөмөлсүз кирүүсүнө тыюу салынган.
Түрдүү техникалардын жайыттарга кирүүсүнөн көк шибер талкаланып, өсүмдүк катмары бузулуп, жердин табигый абалына олуттуу зыян келет.