Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой кызматы тарабынан республикадагы токой экосистемаларын коргоо, сактоо, калыбына келтирүү жана туруктуу башкаруу багытында комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.

Чүй өрөөнү

Жыл сайын республика боюнча 2 миң гектардан ашык аянтта токой өстүрүү жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, 1 миллионго жакын көчөт отургузулат. Ошондой эле токой фондунун аймактарында 3 миң килограммга жакын токой үрөнү себилет.

Токойлорду коргоо багытында да тиешелүү иштер жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, айлана-чөйрөгө жана токой ресурстарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштер жүргүзүлөт.

Токой өрттөрүнүн алдын алуу жана алардын кесепеттерин азайтуу максатында токой чарбаларында атайын өрт өчүрүүчү ыкчам топтор түзүлүп, алар зарыл болгон шаймандар жана жабдуулар менен камсыздалууда. Ошондой эле өрт коопсуздугун камсыз кылуу, өрттүн алдын алуу жана өрт чыккан учурда аны өз убагында аныктап, ыкчам өчүрүү боюнча профилактикалык иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Кыргызстандын токойлорунда илдеттерге жана зыянкечтерге каршы күрөшүүдө экосистемага тийгизген таасирин эске алуу менен негизинен химиялык эмес, биологиялык ыкмалар колдонулат. Бул ыкмалар токой экосистемаларынын табигый тең салмактуулугун сактоого багытталган.