Ак илбирс Кыргыз Республикасынын улуттук символу катары расмий бекитилди
09-сентябрь 2025, 11:45
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №369 Жарлыгы менен кар барсы Кыргызстандын улуттук символу катары расмий бекитилди.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аталган Жарлыктын жоболорун ишке ашыруу, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын аныктоо жана ак илбирстин популяциясын сактоо боюнча шарттарды түзүү багытында тиешелүү нормативдик-укуктук акт даярдоо иштери башталды.
Ак илбирс — Кыргызстанда бийик тоолуу аймактарда жашаган сейрек жана аялуу жаныбар. Ал өлкөнүн өзгөчө табигый мурастарынын бири гана болбостон, улуттук иденттүүлүктүн, күчтүн жана эркиндиктин символу катары маданиятта, фольклордо жана мамлекеттик символикаларда кеңири чагылдырылып келет.
Ак илбирс улуттук символ катары таануу мамлекеттик органдардын, илимий жана билим берүү мекемелеринин, ошондой эле жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын күч-аракетин бириктирип, анын корголушун камсыз кылууга жана даңазалоого өбөлгө түзөт.
Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомун кабыл алуу төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:
• Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу;
• Ак илбирс жана анын жашоо чөйрөсүн коргоо чараларын күчөтүү;
• коомдук аң-сезимди жаратылышты коргоо маселелеринде жогорулатуу;
• Ак илбирстин образын маданий дипломатияда жана Кыргызстандын эл аралык аброюн көтөрүүдө пайдалануу.