Ак илбирс кайра жаратылышка кое берилди
14-январь 2026, 17:31
Чүй өрөөнү
Ак илбирс кайра жаратылышка кое берилди
Боролдой айылында кармалган ак илбирс Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Чон-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында табигый жашоо чөйрөсүнө ийгиликтүү койберилди.
Жаныбар адистердин көзөмөлүндө бардык ветеринардык жана биологиялык текшерүүлөрдөн өттү. Анын жашы 3–4 жаш, эркек, салмагы 42,7 кг, узундугу болжол менен 2 метр.
Ак илбирс убактылуу Чүй облусуна караштуу Сайлуу-Терек жайлоосундагы Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (НАБУ) филиалына караштуу жапайы жаныбарларды калыбына келтирүү борборунда жайгаштырылып, толук ветеринардык кароодон өткөндөн кийин бүгүн кайра жаратылышка кое берилди.