Тазалыкты сактоо ар бир жарандын милдети!
14-апрель 2025, 11:16

2025-жылдын 11-апрелинде – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл департаменти Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте рейд өткөрдү.
Иш-чара интернет булактарында жарыяланган видеоматериалдардын негизинде уюштурулган.
Видеодо жаран таштандыны атайын орнотулган таштанды контейнерлерине эмес, жакын жерде – жол жээгине ыргытып жатканы даана көрүнүп турат.
Бул окуя коомдук жайларда тазалыкты сактоого болгон кайдыгерликти көрсөтүп турат.
Аталган мыйзам бузуу Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык квалификацияланып, укук бузуучуга 7500 (жети миң беш жүз) сом өлчөмүндө айып салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды коомдук жайларды таза кармоого жана таштандыларды уруксат берилген жана атайын жабдылган жайларга гана ыргытууга чакырат. Көрсөтүлгөн тартип бузуу үчүн жоопкерчилик каралганын эскертебиз.