Айылга түшүп келген кыргый кайра жаратылышка учурулду

Чүй өрөөнү
Айылга түшүп келген кыргый кайра жаратылышка учурулду
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Баткен регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери айылга түшүп келген 
кыргыйды тиешелүү адистин кароосунан өткөрүп, кайра жаратылышка учурушту.


Кыргый — күндүз жырткычтык кылуучу канаттуу, шумкар сымалдар тукумундагы куш. Алар дүйнөнүн дээрлик бардык аймактарына таралган жана ылдамдыгы менен чебер аңчылыгы үчүн белгилүү. Ал негизинен тоолуу жана токойлуу аймактарда жашайт. Кыргызстанда бул куш сейрек кездешүүчү түр катары эсептелет.


Министрлик жапайы жаныбарларды мыйзамсыз кармоо жана алардын жашоо чөйрөсүнө зыян келтирүү Кыргызстандын аймагында мыйзам менен тыюу салынганын эскертип, табиятты коргоо ар бир жарандын милдети экенин белгилейт.