CОР-31: Асель Раимкулова Казакстандын улуттук павильонунда өткөн таза технологиялар боюнча тематикалык сессияга катышты
19-ноябрь 2026, 11:35
БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 31-конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова Казакстан Республикасынын Улуттук павильонунда өткөн «Таза технологиялар тармагындагы инновацияларды өнүктүрүү боюнча глобалдык программа: улуттук жетишкендиктерден аймактык климаттык таасирге чейин» аттуу тематикалык сессияга катышты.
Өз сөзүндө Асель Раимкулова байкалып жаткан климаттык өзгөрүүлөр аймактын жаратылыш экосистемаларына жана биологиялык ар түрдүүлүгүнө олуттуу таасирин тийгизип жатканын белгиледи. Бул өз кезегинде жаратылышты коргоо ишмердүүлүгүн өркүндөтүүнү, заманбап технологияларды киргизүүнү жана илимий-изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү талап кыларын айтты.
Ошондой эле адам капиталын өнүктүрүүгө, жаштарды, илимий коомчулукту жана билим берүү мекемелерин колдоого өзгөчө көңүл бурулду. Асель Раимкулованын айтымында, адистердин кесиптик компетенцияларын жогорулатуу, экологиялык маданиятты өнүктүрүү жана жаш адистердин заманбап билимдерге жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы кадрдык потенциалды калыптандыруунун маанилүү шарттары болуп саналат.
Мындан тышкары, министрдин орун басары Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) заманбап технологиялык ыкмаларды жайылтуудагы жана таза технологиялар жаатындагы эл аралык тажрыйбаны бөлүшүүдөгү маанилүү ролун баса белгиледи.
Сөзүнүн соңунда Асель Раимкулова экологиялык туруктуулукка жетишүү илимий билимдерди, заманбап технологияларды, сапаттуу билим берүүнү жана эл аралык кызматташтыкты айкалыштырган комплекстүү мамилени талап кыларын белгиледи.
Кыргыз Республикасынын СОР-31 алкагындагы мындай аянтчаларга катышуусу аймактык кызматташтыкты чыңдоого, алдыңкы тажрыйбалар менен алмашууга, ошондой эле климаттык туруктуулук жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында биргелешкен чечимдерди илгерилетүүгө өбөлгө түзөт.