Кыргызстан климат маселелери боюнча аймактык кызматташтыкты бекемдейт

Чүй өрөөнү
Кыргызстан климат маселелери боюнча аймактык кызматташтыкты бекемдейт

Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясынын (COP31) алкагында Тажикстан Республикасынын Улуттук павильонунда «Мөңгүлөрдөн фермаларга чейин» (Glaciers to Farms, G2F) программасына арналган аймактык диалог өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү мөңгүлөрдү сактоо, климаттын өзгөрүшүнө туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү, тоо экосистемаларынын жана жергиликтүү жамааттардын туруктуулугун жогорулатуу үчүн инвестицияларды тартуу жаатындагы аймактык кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Иш чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын аймагынын басымдуу бөлүгүн тоолор ээлегенин жана климаттын өзгөрүшү суу ресурстарына, жаратылыш экосистемаларына барган сайын күчтүү таасир тийгизип жатканы айтылып, G2F программасынын өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ экени айтылды.

Белгиленгендей, Кыргызстандын аймагынын болжол менен 90 пайызын тоолор түзөт. Акыркы 70 жылдын ичинде өлкөдөгү мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарган. Бул өзгөрүүлөр өлкөнүн суу коопсуздугуна, айыл чарбасына, энергетикалык потенциалына жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.

Ошондой эле, климаттык саясатты чыңдоо багытында Кыргыз Республикасы тарабынан көрүлүп жаткан улуттук чараларга өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган Кыргыз Республикасынын «Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу, климаттын өзгөрүшүнө туруктуу айыл чарбасын жайылтуу жана токой экосистемаларын сактоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.


Кыргызстандын G2F программасына катышуу келечегине токтолгон министрдин орун басары мындан аркы иштердин үч негизги багытын белгиледи:

•    климаттык туруктуулукту жогорулатууга багытталган инвестициялык долбоорлорду даярдоону жана ишке ашырууну тездетүү;

•    аймак өлкөлөрүнүн жеңилдетилген шарттарда жана гранттык негизде климаттык каржылоого жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;

•    аймактык илимий-техникалык кызматташтыкты, билим алмашууну жана алдыңкы тажрыйбаларды жайылтууну күчөтүү.


Асель Раимкулова программанын ийгиликтүү ишке ашырылышы мөңгүлөрдүн, суу ресурстарынын, айыл чарбасынын жана тоолуу аймактардагы жамааттардын бакубаттуулугунун өз ара байланышын эске алган комплекстүү мамилени талап кыларын баса белгиледи.


Кыргыз Республикасынын COP31 конференциясынын алкагында Тажикстандын Улуттук павильонунда өткөн аймактык диалогго катышуусу өлкөнүн Борбор Азия мамлекеттери жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле мөңгүлөрдү сактоо жана аймактын климаттык туруктуулугун чыңдоо боюнча биргелешкен инвестициялык жана практикалык демилгелерди илгерилетүүгө кызыкдар экенин тастыктайт.