Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Кутессай-II жана Калесай кендерине жумушчу сапар менен барды

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Кутессай-II жана Калесай кендерине жумушчу сапар менен барды

Сапардын жүрүшүндө министр тарабынан кендерди иштетүүдө геологиялык чалгындоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле коюлган милдеттерди белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча артыкчылыктуу багыттар жана мындан аркы милдеттер белгиленди.

Министрдин тапшырмаларын аткаруу максатында «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасынын адистери тиешелүү чечимдерди иштеп чыгууга ыкчам киришти. 

Бургулоо иштерин уюштурууну өркүндөтүүгө, кендерди геологиялык изилдөөнүн сапатын жогорулатууга, техникалык жана материалдык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, ошондой эле иштердин белгиленген мөөнөттөрдө аткарылышын камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Бүгүнкү күнгө чейин жүргүзүлүп жаткан геологиялык чалгындоо иштеринин алкагында жалпы узундугу 3 миң погондук метр геологиялык скважиналар бургуланып, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн 1 500дөн ашык сынамык үлгү алынган.

Кутессай-II жана Калесай кендери Кемин районунда, деңиз деңгээлинен 2 000–2 800 метр бийиктикте жайгашкан.

Негизги пайдалуу кендер: сейрек кездешүүчү жер элементтери, полиметаллдар жана бериллий.


Бүгүнкү күндө Кутессай-II жана Калесай кендеринин аймагында геологиялык түзүлүшүн кеңири изилдөөгө, кен белгилерин баалоого жана Кыргыз Республикасынын минералдык-сырьёлук базасын мындан ары өздөштүрүү келечегин аныктоого багытталган бургулоо иштери активдүү улантылууда.