Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геологиялык кызматы менен АКШнын Геологиялык кызматынын жолугушуусу болуп өттү. Бул акыркы 13 жыл ичиндеги тараптардын биринчи жолугушуусу болуп саналат.

Чүй өрөөнү

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө геология тармагындагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелери, анын ичинде тажрыйба алмашуу, заманбап технологияларды киргизүү жана илимий-техникалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү талкууланды.

Өзгөчө көңүл минералдык-чийкизат базасын изилдөөгө, геологиялык чалгындоо иштеринин натыйжалуулугун жогорулатууга жана эки өлкөнүн тиешелүү түзүмдөрүнүн ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүгө жана геология тармагын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.