Министр А. Токтобаевдин GIZдин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Виктор Вецель менен жолугушуусу болуп өттү
19-май 2026, 12:31
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри А. Токтобаев GIZдин Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Виктор Вецель мырза менен жолугушту.
Жолугушуу таанышуу иретинде өтүп, анда тараптар келечектеги кызматташууну талкуулашты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.
Тараптар экология жана климаттын туруктуулугу жаатында өнөктөштүктү чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти, ошондой эле кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.