Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту
12-июнь 2026, 09:07
Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар климаттык саясат, айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Министр өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын «Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынганын белгилеп, бул мыйзам өлкөнүн улуттук климаттык саясатын ишке ашырууга, климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткарууга жана климаттык каржылоону тартууга укуктук негиз түзөрүн айтты.
Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын Жаңыланган улуттук деңгээлде аныкталган салымын (ОНУВ 3.0) ишке ашыруу, климаттык каржылоону мобилизациялоо, мониторинг жүргүзүү, отчеттуулук жана жетишилген прогрессти баалоо жаатындагы улуттук потенциалды чыңдоо, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелерин улуттук программаларга жана долбоорлорго интеграциялоо маселелерине бурулду.
Андан сырткары, жолугушууда атмосфералык абанын сапаты, экологиялык мониторинг системасын өркүндөтүү, айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуу жана абанын сапаты боюнча көп тараптуу диалогдордун жыйынтыктарынын негизинде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, «Бишкек+25» Тоо саммитине даярдык көрүү, тоо экосистемаларын сактоо маселелерин илгерилетүү жана тоолуу аймактардын климаттык туруктуулугун эл аралык аянтчаларда, анын ичинде COP31 конференциясына даярдык көрүүнүн алкагында жогорулатуу маселелери каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө, климаттык туруктуулукту жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш потенциалын сактоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жана өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо боюнча даяр экендиктерин ырасташты