Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Дүйнөлүк банктын «Планета» багыты боюнча вице-президенти Гуанчжэ Чэнь мырза менен жолугушту
18-июнь 2026, 09:07
Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Дүйнөлүк банктын «Планета» багыты боюнча вице-президенти Гуанчжэ Чэнь мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк банк менен айлана-чөйрөнү коргоо, климаттык саясат жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги перспективаларын талкуулашты.
Министр Акыл Токтобаев өлкөдөгү «Абанын сапатын жакшыртуу» (AQIP) долбоорун ишке ашырууга көрсөткөн колдоосу үчүн Дүйнөлүк банкка ыраазычылык билдирди. Долбоордун алкагында абанын сапатына мониторинг жүргүзүүнүн улуттук системасы модернизацияланып, экологиялык көзөмөл күчөтүлүп жатканы, шаарларды жашылдандыруу жана экологиялык жактан таза, жылуулук системаларынын технологияларын киргизүү боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылып жатканы белгиленди.
Ошондой эле, жолугушууда, эл аралык тоо күн тартибине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап 2027-жылы пландалып жаткан «Бишкек+25» Экинчи Глобалдык тоо саммитине даярдык көрүү иштери, аны менен бирге, тоолуу мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүн колдоонун эл аралык механизмдерин түзүү демилгесин илгерилетүү боюнча маалымат берди.
Ошону менен бирге, кызматташуунун жаңы багыттары, анын ичинде геопарктарды өнүктүрүү жана туруктуу экотуризм маселелери да талкууланды. Министр Акыл Токтобаев геопарктар жаратылыш жана геологиялык мурастарды сактоонун, инвестицияларды тартуунун, жаңы жумуш орундарын түзүүнүн жана аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн натыйжалуу куралы катары караларын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө жана климаттык туруктуулук, айлана-чөйрөнү коргоо, тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана жашыл экономиканы илгерилетүү маселелери боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.