Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев Улуу Британиянын Азербайжан жана Борбор Азия боюнча соода өкүлү, Улуу Британия парламентинин Лорддор палатасынын мүчөсү Лорд Джон Алдердайс менен жолугушту.

Чүй өрөөнү

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн перспективаларын, анын ичинде маанилүү минералдык ресурстар, инвестиция тартуу, келечектүү объекттерди геологиялык изилдөө жана заманбап технологияларды киргизүү маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл экологиялык коопсуздук жана туруктуу өнүгүү маселелерине, ошондой эле геологиялык маалыматтардын сапатын жогорулатууга, адистердин потенциалын өнүктүрүүгө жана квалификациялуу кадрларды даярдоого бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар келечектүү долбоорлор боюнча техникалык консультацияларды жана практикалык өз ара аракеттенүүнү улантууга, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын маанилүү минералдык ресурстар жаатындагы стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экендиктерин ырасташты.