Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары АӨЭФ миссиясы менен жолугушту

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш  ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары АӨЭФ миссиясы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш  ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары А. Мусаев Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген мекемеси жана эл аралык каржы институту болгон Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фонду (АӨЭФ)нын миссиясы менен жолугушуу өткөрдү. Миссияны өлкө директору Лаура Маттиоли айым  жетектеди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Лаура Маттиоли айым ар тараптуу колдоо жана натыйжалуу өз ара аракеттенүү үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан экологиялык реформаларга оң баа берди.

Жолугушуунун негизги максаты Адаптациялык фонд үчүн «ALATOO – Жаңы мүмкүнчүлүктөр жана туруктуу натыйжалар үчүн адаптивдүү ландшафттар жана агро-жайыттык өзгөртүүлөр» долбоору боюнча концепциялык жазууну биргелешип иштеп чыгуу маселелерин талкуулоо болду.

Долбоор жаратылыш ресурстарды башкарууда интеграцияланган жана комплекстүү ыкманы колдонуу менен жайыт жана токой экосистемалары менен иштөөгө багытталган. Өзгөчө көңүл улуттук парктарды туруктуу өнүктүрүүгө жана сактоого бурулат.

Өз кезегинде министрдин орун басары А. Мусаев АӨЭФ дун өкүлдөрүнө министрликтин биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо тармагында кабыл алынган жана иштелип чыгып жаткан стратегиялык жана программалык документтер тууралуу маалымат берди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар болжолдуу баасы 10 миллион АКШ долларын түзгөн, адаптивдүү ландшафттарды жана агро-жайыттык өзгөртүүлөрдү өнүктүрүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана туруктуу натыйжаларга жетишүүгө багытталган долбоорду ишке ашыруунун актуалдуу маселелерин да талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген бардык багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана активдештирүүгө өз ара берилгендигин билдиришти.