Абанын сапатын жакшыртуу боюнча долбоордун Жетектөөчү комитетинин төртүнчү жыйыны өттү
05-август 2026, 16:06
Чүй өрөөнү
Абанын сапатын жакшыртуу боюнча долбоордун Жетектөөчү комитетинин төртүнчү жыйыны өттү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары, Жетектөөчү комитеттин төрагасы Жениш Сейдалиевдин төрагалыгы алдында «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун төртүнчү жыйыны болуп өттү.
Жыйында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы аткарылган иштердин жыйынтыгы каралып, долбоордун ишке ашырылышына кеңири талдоо жүргүзүлдү.
Жетектөөчү комитеттин төрагасы иштин натыйжалуулугун баалоодо негизги көрсөткүч отчеттор эмес, эл сезе турган реалдуу жыйынтык болушу керектигин белгиледи. Анын айтымында, жарандар жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасын абанын сапатынын жакшырышы аркылуу иш жүзүндө көрүшү зарыл.
Ошондой эле долбоорду ишке ашыруудагы айрым кемчиликтерге көңүл бурулуп, иштин темпин күчөтүү, мамлекеттик органдардын өз ара координациясын жакшыртуу жана белгиленген иш-чараларды өз мөөнөтүндө сапаттуу аткаруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Жыйындын соңунда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын күчөтүү жана бардык жооптуу мамлекеттик органдар менен өнөктөштөрдүн биргелешкен ишин активдештирүү зарылдыгы белгиленди.