“Экология балдардын көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды
24-сентябрь 2025, 16:11
2025-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан “Экология балдардын көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты — балдардын айлана-чөйрөгө болгон таза, чын ыкластуу мамилесин, табиятты жүрөгү менен сезген көз карашын сүрөттөр жана чиймелер, аркылуу көрсөтүү болду.
Көргөзмөнүн ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун өкүлдөрү катышты:
• Болот Каракеев — сүрөтчү, жаш таланттардын эмгектерине жогору баа берди.
• Замир Илипов — график сүрөтчү.
• Министрликтин атынан биоресурстар башкармалыгынын жетекчиси К. Мамбеталиев сөз сүйлөштү.
Сүрөт Чеберлер балдардын сүрөттөрү жана чиймелери чын ыкластуу сезимдерге толуп, жаратылышка болгон таза эмоционалдык көз карашты чагылдырып, чоңдорду айлана-чөйрөнү сактоо жөнүндө ойлонууга үндөйт деп белгилешти.
Көргөзмөнүн ачылышына И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Табигый илимдер институтунун проф. М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасы,
- кафедра башчысы С.К.Кендирбаева,
- доц. У.Ч.Сапарбаева,
- ага окут. А.Т. Нурманбетова
- студенттер: Бб-13-25, БХр-11-25, Бб-13-23, БХк-11-23 тайпаларынын студенттери активдүү катышты
Эске салсак, аталган конкурс 2025-жылдын 15-мартынан 15-апрелине чейин мектеп окуучулары арасында өткөн. Жыйынтыгында өлкөнүн бардык региондорунан 1700гө жакын сүрөт келип түшүп, алардын ичинен 49 жеңүүчү аныкталган.
Сүрөт көргөзмөсү эки күнгө созулат.
Бардык каалоочуларды К. Баялинов атындагы китепканада өтүп жаткан көргөзмөгө чакырабыз.
Балдар жаратылышты тартканда, атүгүл чоң адамдар да дүйнөнү жаңыча көрүүгө үйрөнүшөт.