БУУӨПнын колдоосу менен Глобалдык экологиялык фонд жана Адаптациялык фонд менен иштөө боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топтун (ВАЖТ) биринчи отуруму болуп өттү.

Чүй өрөөнү
БУУӨПнын колдоосу менен Глобалдык экологиялык фонд жана Адаптациялык фонд менен иштөө боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топтун (ВАЖТ) биринчи отуруму болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинде Кыргызстандагы БУУӨПнын колдоосу менен Глобалдык экологиялык фонд жана Адаптациялык фонд менен иштөө боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топтун (ВАЖТ) биринчи отуруму болуп өттү. Бул жумушчу топ Глобалдык экологиялык фонд жана Адаптациялык фонд тарабынан каржыланган долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү максатында, ошондой эле долбоордук өтүнмөлөрдү өз убагында жана сапаттуу кароо, Глобалдык экологиялык фондго жана Адаптациялык фондго берүү максатында түзүлгөн. ВАЖТ курамына кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү кирген. ВАЖТ мүчөлөрү жогоруда аталган уюмдардын ишмердүүлүгү жөнүндө жакшы кабардар болушу үчүн Биринчи отурумдун жүрүшүндө катышуучуларга алардын процедуралары боюнча презентациялар тартууланды. Ошондой эле бул жолугушуунун жүрүшүндө ВАЖТнын иш жүргүзүү боюнча регламенттин долбоору талкууланды.