Кыргыз Республикасынын абанын сапатын жакшыртуу боюнча долбоордун Башкаруучу комитетинин экинчи жыйыны өттү
28-июль 2025, 10:34
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде «Кыргыз Республикасынын абанын сапатын жакшыртуу» (AQIP) долбоорунун Башкаруучу комитетинин экинчи жыйыны болуп өттү.
Жыйын министрликтин биринчи орун басары К. Касейиновдун төрагалыгы астында, министрдин орун басары, долбоордун Улуттук координатору А.Раимкулованын жана тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.
Башкаруучу комитеттин курамына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Энергетика министрлиги, ӨКМ карашындагы Кыргызгидромет, Саламаттык сактоо министрлиги, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы, Улуттук коомдук саламаттыкты сактоо институту, Э. Гареев атындагы Ботаникалык бактын илимий-изилдөө институту (НАН КР) кирет.
Жыйындын жүрүшүндө министрликтин алдындагы долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жана Финансы министрлигинин алдындагы долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгү тууралуу отчеттор каралды. Ошондой эле экинчи жарым жылдыкка карата иш пландары бекитилди.
Башкаруучу комитеттин мүчөлөрү долбоордун Кыргыз Республикасындагы экологиялык абалды жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртуудагы стратегиялык маанисин белгилешип, бардык катышуучулардын ортосундагы натыйжалуу координациянын зарылдыгын баса белгилешти.
Мындан тышкары, комитет мүчөлөрү долбоорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган сунуштарды беришти. Алар ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү оптималдаштыруу жана мониторинг жүргүзүүнүн ыкмаларын өркүндөтүү чараларын камтыйт.
Жыйындын жыйынтыгында, иш-чараларды бекитилген планга ылайык өз убагында жана сапаттуу аткаруу тапшырмасы коюлуп, долбоордун ишке ашырылышын ачык-айкын жана натыйжалуу камсыздоо максатында үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.