Климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүгүү маселелери боюнча Координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү

Чүй өрөөнү
Климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүгүү маселелери боюнча Координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү

2025-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Касымалиев Адылбек Алешовичтин төрагалыгы алдында климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүгүү маселелери боюнча Координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө 2027-жылга чейинки Жашыл климаттык фонд (ЖКФ) менен кызматташуу боюнча Улуттук Программа сунушталды — бул өлкөнүн климаттык артыкчылыктарын жана каржылоону талап кылган долбоорлорду аныктаган негизги документ болуп саналат. Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Машиев Медер Асанович тарабынан бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен иштелип чыккан жана өлкөнүн улуттук климаттык максаттарын натыйжалуу ишке ашырууга багытталган Улуттук Программа сунушталды.

Мындан тышкары, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан "Ысык-Көл облусунун тоолуу аймагында экосистемалык кызматтарды жана жергиликтүү жамааттардын жашоо каражаттарын жакшыртуу аркылуу туруктуулукту жогорулатуу" долбоору сунушталды. Докладда бул долбоордун экология жана региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүүлүгү баса белгиленди. Долбоор Улуттук Программага киргизилген жана Жашыл климаттык фонд тарабынан кароого көрсөтүү маселеси каралууда.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Улуттук Программага киргизилген Кыргыз Республикасынын төмөнкү артыкчылыктуу долбоорлору боюнча презентациялар жана талкуулар өткөрүлдү:

  1. "Кыргыз Республикасында турак жай секторунда парник газдарынын бөлүнүшүн кыскартуу" (Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү жана инвестиция агенттиги);

  2. "Ысык-Көл облусунун экосистемаларынын туруктуулугун жогорулатуу жана климаттык жактан оптималдаштырылган суу тазалоо" (Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги);

  3. "Климаттын өзгөрүшү шартында Баткен облусунда климатка туруктуу айыл чарба үчүн суу ресурстарын интеграцияланган башкаруу" (Кыргыз Республикасынын суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги);

  4. "Климаттык маалыматты жакшыртуу жана табигый кырсыктарга туруктуулукту жогорулатуу аркылуу климаттын өзгөрүшүнө комплекстүү адаптация" (Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги);

  5. "Коомдук имараттарга төмөн көмүртек инвестицияларынын тобокелдигин азайтуу" (Кыргыз Республикасынын энергетика министрлиги);

  6. "Микро, чакан жана орто бизнести (МЧОБ) жана үй-бүлөлөрдү климаттык каржылоо программасы" (Элдик Банк).

Мындан тышкары, Элдик Банктын Жашыл климаттык фонддо аккредитация маселеси жана чакан, орто бизнеске жана жарандарга климаттык каржылоо маселелери да каралды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алдында түзүлгөн Климаттык каржылоо борборунун 2025-жылга карата иш-планы да сунушталды.

Жыйындын жыйынтыгында Координациялык кеңеш Жашыл климаттык фонд менен кызматташуу боюнча Улуттук Программаны жана долбоорлорду 2027-жылга чейин жактырды. Өлкөдө климаттык демилгелерди ишке ашыруу жана каржылоону тартуу максатында өнөктөштөр жана эл аралык фонддор менен активдүү кызматташууну улантуу чечими кабыл алынды.

Кыргызстан тоолуу өнүгүп келе жаткан өлкө катары климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирлерине өзгөчө дуушар болууда. Ошондуктан, Министрлик климаттын өзгөрүшү багытында туруктуу өнүгүүгө жана өлкөнүн климаттык туруктуулугун жогорулатууга багытталган саясатты ырааттуу ишке ашырууда.

Азыркы учурда көмүртек нейтралдуулугуна жетүү концепциясы жана 2030-жылга чейинки Улуттук адаптация планы сыяктуу негизги стратегиялык документтер иштелип чыкты. Ошол эле учурда Улуттук деңгээлде аныкталган салымдарды жаңыртуу (ОНУС 3.0) боюнча иштер жүрүп жатат, анда Кыргыз Республикасынын парник газдарынын бөлүнүшүн азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптация максаттары чагылдырылат.

Бул документтер климаттык каржылоону тартуу үчүн программалык негизди түзөт. Бул контекстте ЖКФ менен кызматташуу боюнча Улуттук Программа климаттык демилгелерди натыйжалуу ишке ашыруу жана ЖКФ ресурстарын тартуу үчүн стратегиялык инструмент катары каралат.