Кыргызстандын минералдык-чийки зат базасынын абалы жана тоо-кен тармагын өнүктүрүү

Чүй өрөөнү
Кыргызстандын минералдык-чийки зат базасынын абалы жана тоо-кен тармагын өнүктүрүү

Бүгүнкү күндө мамлекеттик баланс боюнча 51 түрдөгү пайдалуу кендердин 1000ден ашуун кенинин запастары катталган.

Алардын ичинен 400гө жакын кен өнөр жайлык деңгээлде иштелип жатат же геологиялык чалгындоо жана тажрыйбалык-өнөр жайлык иштер стадиясында турат.

Калган 600дөй кен убактылуу токтотулган — айрымдары запастары түгөнгөндүктөн, башкалары экономикалык жактан кайра баалоону же жаңы казуу технологияларын киргизүүнү талап кылат.

Кыргызстан үчүн тоо-кен тармагы өзгөчө мааниге ээ. Тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү өлкөнүн социалдык-экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Минералдык-чийки зат базасын камсыздоо жана толуктоо тармактын гана эмес, ага байланыштуу башка секторлордун да өнүгүүсүнө шарт түзүп, региондордун жана жалпы өлкөнүн экономикалык өсүшүнө түрткү берет.

Белгилей кетүү нерсе, эгемендүүлүк алынгандан бери геологиялык чалгындоого жетиштүү көңүл бурулган эмес. Бирок учурдагы Президенттин колдоосу менен 2024-жылы «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасына полиметалл жана сейрек кездешүүчү элементтерди казып алуу боюнча улуттук долбоордун алкагында жаңы тоо-кен жабдууларын жана аспаптарын сатып алуу үчүн 1 млрд сом бөлүнгөн. Бул каражаттын 2024–2025-жылдары 72%ы өздөштүрүлдү.

Мамлекеттик баланс боюнча 51 түрдөгү минералдык ресурстардын — баалуу металдар, түстүү жана сейрек кездешүүчү металдар, көмүр, көмүртек ресурстары жана башкалар — 1000ден ашуун кенинде запастары бар. Бул ресурстар өнөр жай, энергетика, курулуш, жол оңдоо жана башка тармактар үчүн чоң мааниге ээ.

Ошол эле учурда, Кыргызстандын минералдык-чийки зат базасын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү да бар.

Өнөржайлуулуктун туруктуулугу, калктын жумуш менен камсыз болушу, инфраструктуранын жана региондордун өнүгүшү – баары түздөн-түз минералдык ресурстардын абалына көз каранды.

2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы

Геологиялык чалгындоо жана өндүрүштүк иштердин жанданышынын шартында тармак оң динамиканы көрсөттү.

2025-жылдын январь–сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча тоо-кен тармагы төмөнкү негизги багыттар боюнча өсүш көрсөттү:

Салык жана төлөмдөр:

    •    Тоо-кен компанияларынан республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге 42,7 млрд сом салык жана милдеттүү төлөмдөр түшкөн.

    •    Бул 2024-жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 16 млрд сомго көп (2024-жылы — 26,7 млрд сом).

    •    2021–2025-жылдар аралыгында тоо-кен компанияларынан өлкө бюджети 191 млрд сомдон ашык каражат алган.

Запастардын өсүшү (1-январь 2025-жылга карата):

    •    Алтын — 973 т

    •    Россыпное алтын — 7,4 т

    •    Күмүш — 1,1 миң т

    •    Жез — 960,4 миң т

    •    Коргошун — 47,7 миң т

    •    Цинк — 32,1 миң т


2025-жылдын 9 айында геологиялык чалгындоо менен кошумча табылган запастар:

    •    Алтын — 5,8 т

    •    Россыпное алтын — 56,8 кг

    •    Күмүш — 3,7 т

    •    Жез — 6,4 миң т

    •    Коргошун — 101,1 миң т

    •    Цинк — 11,2 миң т

    •    Көмүр — 9 млн т

    •    Каолин — 127,8 миң т

    •    Гипс — 1,4 млн т

    •    Мрамор — 211,6 миң т

    •    Курулуш куму — 392,3 миң м³

    •    Кум-шагы аралашмасы — 248,9 миң м³


Добыча көлөмү (2025-жылдын 9 айы боюнча):

    •    Алтын — 17 т

    •    Мунай — 198 миң т

    •    Табигый газ — 18,9 млн м³

    •    Көмүр — 2,3 млн т


Аукциондор жана лицензиялар:

    •    Жыл башынан бери 26 жер участогун аукционго коюп, жалпы 1,6 млн АКШ долларына сатылган.

    •    2025-жылдын сентябрына карата 2005 лицензия берилген, алардын ичинен 103ү мамлекеттик ишканаларга таандык (100% үлүшү мамлекетте).

Бул мамлекетке жаратылыш ресурстарын пайдаланууну толук көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.


Жыйынтык жана тыянактар:

2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын тоо-кен тармагы туруктуу өсүш жана жер казынасын башкаруунун эффективдүүлүгүнүн жогорулашын көрсөттү.

Башкы жетишкендиктер:

    •    Бюджетке түшкөн салыктык түшүмдөрдүн өсүшү;

    •    Пайдалуу кен байлыктарынын запастарынын көбөйүшү жана жаңы кендердин табылышы;

    •    Геологиялык чалгындоо иштеринин активдешүүсү;

    •    Ачык жана ачык-айкын аукцион, лицензиялоо процесстери;

    •    Тармакка болгон инвестициялык кызыгуу күчөгөнү.

Бул жыйынтыктар Кыргызстандын минералдык-чийки зат базасын туруктуу бекемдеп жатканын, инновацияларды, санариптештирүүнү жана ачыктыкты биринчи планга коюп жатканын көрсөтөт. Мунун баары өлкө экономикасынын өсүшүнө туруктуу салым кошууга багытталган.