Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорунда таштанды полигондорунун абалы текшерилди.
31-март 2026, 11:55
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Гүлжан Сатиева, Бакыт Чомоев менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү таштанды полигондорунун абалы менен таанышты.
Жолугушууда полигондордогу өрт, анын айлана-чөйрөгө жана калкка тийгизген таасири талкууланды. Жергиликтүү тургундар көйгөйлөрүн айтып, ыкчам чара көрүүнү суранышты.
Жыйынтыгында өрттү өз убагында өчүрүү, көзөмөлдү күчөтүү жана таштандыларды башкарууну жакшыртуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.