Пластик буюмдардын жана полимердик пакеттердин жүгүртүлүшүн чектөө боюнча мамлекет менен бизнестин кызматташуусу

Чүй өрөөнү
Пластик буюмдардын жана полимердик пакеттердин жүгүртүлүшүн чектөө боюнча мамлекет менен бизнестин кызматташуусу

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын аймагында полимердик пленкадан жасалган пакеттердин жана пластик буюмдарынын жүгүртүлүшүн чектөө жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-майындагы № 335-т «Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө уруксат берилген полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана бир жолку пайдаланылуучу пластик идиштердин тизмегин бекитүү жөнүндө» тескемесин ишке ашыруунун алкагында Министрликтин аянтчасында үзгүлтүксүз негизде кеңири курамдагы тегерек столдор өткөрүлүп келет. Аларга Эл аралык ишкердик кеңештин, мамлекеттик органдардын (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргызстандарттын, Бишкек стандартташтыруу жана метрология борборунун), “Эко Оператор” мамлекеттик ишканасынын, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, анын ичинде Жеткирүүчүлөрдүн, өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун ассоциациясынын (ЖӨДА), Кыргызстандын базарлар ассоциациясынын, соода ишканаларынын жана тейлөө чөйрөсүнүн өкүлдөрү, ири соода түйүндөрүнүн жетекчилери, полимердик жана кагаз пакеттерди, бир жолку пайдаланылуучу пластик идиштерди жана жумуртка үчүн таңгактарды өндүрүүчүлөр, ошондой эле пластик калдыктарын кайра иштетүүчү ишканалар катышууда. Тегерек столдордун негизги максаты — “мамлекет– бизнес өнөктөштүгү” форматында тараптардын позицияларын бириктирүү жана өз ара макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу.

Министрлик тарабынан пластик калдыктары менен булганууга каршы күрөшүү боюнча улуттук жана эл аралык деңгээлде жүргүзүлүп жаткан саясат тууралуу презентация жасалды.

2027-жылдан тартып айрым пластик буюмдардын жана салттуу полимердик пакеттердин жүгүртүлүшүнө киргизилүүчү тыюуга карата Кыргызстандын рыногунун даярдыгы боюнча активдүү талкуулар өткөрүлдү.


Жаңы талаптарды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн артыкчылыктуу багыттар катары кайра иштетүү секторун өнүктүрүү жана күчөтүү, импортко көзөмөлдү күчөтүү, “BIO” деген жалган маркалоого бөгөт коюу, полимердик пакеттердин биологиялык ажыроо касиеттерин аныктоочу заманбап жабдуулар менен камсыздоо, ошондой эле лабораториялык сыноолорду жүргүзүү жана экспертиза жасоо багытында тиешелүү аккредитациядан өткөрүү маселелери белгиленди. Бул багытта компетенттүү мамлекеттик органдар тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.


Талкуулардын жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилип, бизнес-коомчулуктун сунуштарын эске алуу менен полимердик пакеттердин жана бир жолку пайдаланылуучу пластик идиштердин бекитилген тизмесине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Бул багыттагы иштер Министрлик тарабынан бизнес өкүлдөрү менен биргеликте мындан ары да улантылып, өлкөнүн аймактарында түшүндүрүү жана консультациялык иштер жүргүзүлөт.