Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери тарабынан парктын аймагында жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү

Чүй өрөөнү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери тарабынан парктын аймагында жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында мототранспорт каражаты менен мыйзамсыз жүрүп, жайыт жерлерине зыян келтирген жаран аныкталды.

Мыйзам бузган жаранга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү протокол түзүлүп, 10 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле жаранга жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Министрлик жарандарды айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жүргүзүлүүчү рейддик иш-чаралар туруктуу негизде улантылат.