К. Базарбаев атындагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери тарабынан коруктун аймагындагы жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын биологиясын, жашоо өзгөчөлүктөрүн, таралуу аймактарын жана табигый шарттагы ички миграция жолдорун изилдөө максатында фотокапкандарды колдонуу менен иштер жакшыртылууда.

Нарын өрөөнү

Коруктун аймагына орнотулган фотокапкандардын жардамы менен жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын бир катар түрлөрү катталып, такталды. Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган жаныбарлар менен канаттуулардын бар экендиги коруктун аймагынын биологиялык ар түрдүүлүктүн сакталып тургандыгын белгилейт

Ошондой эле алынган фото сүрөттөр жана видеолор жаныбарлардын санын жана таралышын узак мөөнөттүү мониторинг жүргүзүүдө, сейрек кездешүүчү түрлөрдүн абалын баалоодо жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоо боюнча илимий негизделген иш-чараларды пландаштырууда маанилүү маалымат булагы болуп саналат.

Чатыр-Көл, Соң-Көл келдөрү Орто Азиядагы таралган суулуу саздак жерлердин канатууларынын көп түрлөрүнүн инкубация жашоо мөөнөтүн өткөрүүчү маанилүү көлдөрдөн болуп саналат.