Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Ысык-Көл облустук Экологиялык-техникалык көзөмөл кызматы Ак-Суу районуна караштуу Башарын участогунда жайгашкан «Ак-Булак» ишканасына пландан тышкаркы текшерүү иштерин жүргүзүштү
19-август 2026, 10:12
Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Ысык-Көл облустук Экологиялык-техникалык көзөмөл кызматы Ак-Суу районуна караштуу Башарын участогунда жайгашкан «Ак-Булак» ишканасына пландан тышкаркы текшерүү иштерин жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, айлана-чөйрөгө агынды сууларды чыгарууну жүзөгө ашыруунун тартибин бузгандыгы үчүн 28 000 (жыйырма сегиз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, жерлерди пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн 13 000 (он үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Натыйжада, салынган административдик айып пулдардын жалпы суммасы 41 000 (кырк бир миң) сомду түздү.
Ошонlой эле жер кыртышын бузгандыгы үчүн келтирилген зыянды өндүрүү максатында 7 200 (жети миң эки жүз) сом өлчөмүндө доо коюлду.