Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Токтогул суу сактагычында браконьерликке каршы рейд өткөрүлүп, мыйзамсыз салынган балык уулоочу торлорду аныктоо жана суудан чыгаруу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Жалал-Абад өрөөнү

Рейддин жүрүшүндө суу сактагычтан 500 метрге жакын мыйзамсыз коюлган синтетикалык торлору чыгарылып алынды.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Токтогул суу сактагычынан 40 миң метрден ашык мыйзамсыз коюлган балык уулоочу торлор чыгарылган.

Мыйзамсыз коюлган синтетикалык торлор суудагы балык ресурстарына жана башка суу жаныбарларына олуттуу зыян келтирип, экосистеманын бузулушуна алып келет.