Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери, Чүй-Бишкек мергенчилер жана балыкчылар коомунун өкүлдөрү болуп Төмөнкү Ала-Арча №2 суу сактагычында узундугу 300 метр болгон синтетикалык торду колдонуу менен мыйзамсыз балык уулап жаткан эки жаранды аныкташты. Кармоо учурунда алардан 15 даана балык алынган

Чүй өрөөнү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери, Чүй-Бишкек мергенчилер жана балыкчылар коомунун өкүлдөрү болуп Төмөнкү Ала-Арча №2 суу сактагычында узундугу 300 метр болгон синтетикалык торду колдонуу менен мыйзамсыз балык уулап жаткан эки жаранды аныкташты. Кармоо учурунда алардан 15 даана балык алынган.

Рейддин жыйынтыгында ар бир мыйзам бузуучуга карата административдик протокол түзүлүп, 10 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Жалпы айып пулдун суммасы 20 000 сомду түздү.

Мындан тышкары, жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча доо коюлду.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тыюу салынган балык уулоо каражаттарын колдонуу суу биологиялык ресурстарына олуттуу зыян келтирерин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келерин эскертет.