Жаратылыш ресурстары министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Жайыл району жана Суусамыр өрөөнүндө балык уулоонун эрежелерин бузган жарандарды аныкташып, аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 2 протокол түзүлдү
16-июнь 2026, 10:15
Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Жайыл району жана Суусамыр өрөөнүндө балык уулоонун эрежелерин бузган жарандарды аныкташып, аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 2 протокол түзүлдү.
Ошондой эле синтетикалык тор колдонуу жолу менен балып кармоо фактысы боюнча 1 протокол түзүлүп, кармалгандарга айып салынган.
Мындан тышкары, жергиликтүү малчыларга жана жергиликтүү тургундарга Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомунун негизинде жайыттарды автоунаа, трактор, мотоцикл ж.б транспорт каражаттары менен тебелөөгө чектөө киргизилгендиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле жаратылышты коргоо жана мыйзам талаптарын сактоо боюнча эскертүүлөр берилди.