Жаратылыш ресурстары министрлигинеп караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу аймагындагы Ак-Таш жайлоосунда рейддик иш-чара өткөрүштү

Чүй өрөөнү

Жаратылыш ресурстары министрлигинеп караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу аймагындагы Ак-Таш жайлоосунда рейддик иш-чара өткөрүштү.

Рейддин жүрүшүндө айрым жарандардын автоунаалары менен жайыт жерлерин тепселеп, өсүмдүктөргө жана жаратылышка зыян келтирген фактылары аныкталды. 

Мыйзам бузуулар боюнча «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин талаптарына ылайык, жарандарга карата 10 административдик протокол түзүлүп, мыйзам талаптарын бузган жарандарга жалпы 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга жана жайыттарды максатсыз пайдаланбоого чакырат.