Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Көл акваториясындагы рейддик иш чаралар учурунда 4 даана узундугу болжол 400 метрди түзгөн эски синтетикалык балык уулоочу торду алып чыгышты.

Ысык-Көл өрөөнү

Рейддик иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруу, суу биоресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө, браконьерликтин алдын алуу жана Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо максатында мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Ушундай эле рейддик иш чаралар Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Токтогул суу сактагычында балык ресурстарын коргоо, мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу жана экологиялык мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында өтүп, анда узундугу 150 метрди түзгөн синтетикалык балык уулоочу тор аныкталып, суу сактагычтан чыгарылып, жараксыз абалга келтирилген.