Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой кызматынын жана токой чарбаларынын кызматкерлери кесиптик майрам – Токой кызматкерлеринин күнү алдында атайын сыйлыктар менен сыйланышты

Чүй өрөөнү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой кызматынын жана токой чарбаларынын кызматкерлери кесиптик майрам – Токой кызматкерлеринин күнү алдында атайын сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул сыйлыктар токой тармагындагы талыкпаган эмгекти таанып-билүү, кызматкерлердин жоопкерчиликтүү ишин баалоо жана аларды дем-күч менен иштөөгө шыктандыруу максатын көздөйт. 

Токой ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, сактоо жана көбөйтүү багытында үзүрлүү иштеп, кесиптик милдеттерин кынтыксыз аткарган кызматкерлерге Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана Токой кызматынын мекемелик сыйлыктары тапшырылды.

Токой – бул элдин табигый байлыгы. Аны сактап, муундан-муунга өткөрүү – ар бир токой кызматкеринин ыйык милдети. Жаратылыш менен тыгыз иш алып барып жаткан адистердин эмгеги — оор, бирок сыймыктуу. 

Бул сыйлыктар ошол эмгекти баалоонун, урматтоонун жана коом алдында алардын ордун белгилөөнүн жогорку белгиси катары каралат.