Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери Алматы-Бишкек экономикалык коридору боюнча комитеттин 8-отурумуна катышып, экологиялык абал жана атмосфералык абанын булгануу денгээлин азайтуу боюнча аткарылган иштер боюнча доклад кылышты

Чүй өрөөнү

2024-жылдын 29-майында Астана шаарында кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешине караштуу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Алматы-Бишкек экономикалык коридору (АБЭК) боюнча подкомитеттин 8-отуруму өттү.

Отурум Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкуловдун жана Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министринин Биринчи вице-министри Тимур Жаксылыковдун төрагалыгы астында, Азия өнүктүрүү банкынын жана эки өлкөнүн негизги мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышуусунда өткөрүлдү. 

Отурумдун максаты кыргыз-казак кызматташтыгын бекемдөө жана атаандаштыкка жөндөмдүү бирдиктүү аймакты түзүү үчүн Алматы-Бишкек экономикалык коридорун өнүктүрүүнү илгерилетүү болуп саналат. Отурумда Подкомитетинин 7-отурумунун протоколун аткаруу статусу каралды, сектордук жумушчу топтордун отурумдарынын протоколдорунун негизинде учурдагы долбоорлоруна жана демилгелерине сереп жүргүзүлдү, ошондой эле эки тараптын биргелешкен аракеттери макулдашылды.

Жыйындын жүрүшүндө Алматы-Бишкек экономикалык коридорунун алкагында транспорттук инфраструктура, абанын сапаты жана табигый кырсыктар, саламаттыкты сактоо, туризм жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатындагы ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды.