Жаратылыш ресурстар министирлигинин кызматкерлери квалификацияларын жогорулатууда.
20-январь 2026, 11:54
Чүй өрөөнү
2026-жылдын 19-январында Бишкек шаарында К.И. Скрябин атындагы КУАУ базасында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 60 адиси үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары башталды.
Курстун максаты — жашыл технологиялар, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жана климаттык багыттагы компетенцияларды кеңейтүү.
Окуу процесси БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары жана эл аралык экологиялык келишимдер алкагындагы улуттук милдеттенмелерди аткарууга колдоо көрсөтүүдө.
Министирликтин кадрдык потенциалын күчөтүп, экологиялык саясатты натыйжалуу ишке ашырууга багытталган.