Жаратылыш министрлигинин кызматкерлери экологиялык прокуратурасынын кызматкерлери менен биргеликте практикалык тренинг өткөрүлдү
14-август 2026, 16:41
Чүй өрөөнү
Жаратылыш министрлигинин кызматкерлери экологиялык прокуратурасынын кызматкерлери менен биргеликте практикалык тренинг өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясында экологиялык талаш-тартыштарды кароо жана чечүү, ошондой эле экологиялык мыйзамдарды колдонуу практикасына арналган практикалык тренинг болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты — жаратылышты коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуу боюнча билимди өркүндөтүү, укук колдонуу практикасын күчөтүү жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу болду.
Тренингдин алкагында Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жер казынасын коргоо бөлүмүнүн башчысы, юридика илимдеринин доктору, доцент, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтунун кылмыш укугу жана криминология кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу Бакыт Какешов «Сотко чейинки өндүрүштүн практикалык алгоритми» темасында практикалык тренинг өткөрдү.
Өз кезегинде Жаратылыш министрлигинин Экологиялык жана климаттык саясат башкы башкармалыгынын башчысы Айзада Бариева «Кыргыз Республикасынын климаттык күн тартиби» темасында баяндама жасады.
Какешов Бакыт Дайрабаевичтин практикалык тренингинде төмөнкү актуалдуу маселелер талкууланды:
- экологиялык укук бузууларды аныктоо жана документтештирүү;
- ыйгарым укуктуу органдар тарабынан экологиялык талаш-тартыштарды кароо жана чечүү практикасы;
- айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды аныктоо жана эсептөө маселелери;
- укук бузууларды аныктоо жана токтотуунун практикалык механизмдери;
- укук колдонуу практикасындагы конкреттүү жана кызыктуу учурлар;
- айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдардагы көйгөйлөр жана боштуктар.
-
Практикалык формат катышуучуларга теориялык маселелерди талкуулоо менен катар экологиялык укук бузууларды аныктоо, документтештирүү жана аларга укуктук баа берүү процессинде кездешүүчү реалдуу жагдайларды талдоого мүмкүнчүлүк берди.
Иш-чарага Бишкек шаарынын экологиялык прокуратурасынын, ошондой эле Чүй облусунун райондорунун жана Бишкек шаарынын прокуратура органдарынын 40ка жакын кызматкери катышты.
Мындай иш-чаралар мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун чыңдоого, практикалык тажрыйба алмашууга жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарды натыйжалуу колдонууга өбөлгө түзөт.