Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлери “Шаар жана транспорт” аттуу эл аралык конференцияга катышты

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлери “Шаар жана транспорт” аттуу эл аралык конференцияга катышты

«Таза аба» экологиялык бир айлыгынын алкагында Министрликтин Атмосфералык абаны коргоо бөлүмү менен Экотехкөзөмөл кызматынын Бишкек шаары, Аламүдүн районунун кызматкерлери «Шаар жана транспорт: Алдыңкы долбоорлор жана өнүгүү потенциалы» аттуу эл аралык конференцияга активдүү катышты.

Уюштуруучулар КМШга катышкан мамлекеттердин координациялык транспорттук кеңешмесинин Аткаруу комитети, Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети (КРСУ) жана Россия транспорт академиясы болушту. Жыйынга Бишкек мэриясынын, академиялык коомчулуктун өкүлдөрү жана Россиядан, Беларустан жана Кыргызстандан эксперттер катышышты.

Семинарда шаардык транспортту өнүктүрүүнүн, аба сапатын жакшыртуунун жана алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды колдонуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Жыйында урбанизациянын жана автомобилдешүүнүн өсүшү менен күрөшүү үчүн шаардык жана транспорттук пландоону интеграциялоо, санариптик сервистерди киргизүү жана электротранспортту өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.

Министрликтин адистери экологиялык аспектилерди талкуулоого активдүү катышып, Бишкек шаарындагы аба сапатын жакшыртуу боюнча практикалык сунуштарды беришти. Бул конференция министрликтин «Таза аба» акциясынын максаттарына шайкеш келет: калктын экологиялык маалымдуулугун жогорулатуу, транспорттук жана шаардык инфраструктураны туруктуу өнүктүрүү.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча катышуучулар Бишкек үчүн прикладдык сунуштар топтомун даярдоо боюнча макулдашып, конференцияны жыл сайын өткөрүү сунушу айтылды. Бул университеттердин, мамлекеттик органдардын жана бизнес өкүлдөрүнүн биргеликтеги ишмердүүлүгү аркылуу экспертизанын практикага айлануусуна шарт түзөт.

Министрлик жана КРСУ өз ара кызматташууну улантып, экология жана туруктуу өнүгүү багытында практикалык жана илимий долбоорлорду ишке ашырууну улантууда.